Курсан Асановдун иши боюнча Кундуз Жолдубаеванын үйүн тинтүүгө алышты

Мезгил

Бүгүн, 14-августта Аскердик прокуратуранын кызматкерлери КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзүштү.

Маалыматка ылайык, Жолдубаеванын үйүн тинтүү Курсан Асановдун ишине байланыштуу болгон. Ошондой эле аскердик прокуратура тарабынан эч кандай коркутуу болбогонун Жолдубаева билдирди. Тинтүү учурунда ИИМдин мурдагы орун басарына байланыштуу документтерди көрсөтүшкөн.

Эске салсак, кечээ 13-августта ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден чыкты” деген жүйө менен кызматтан четтетилген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *