Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланды

     Мезгил

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун 22-жаштагы уулу Мухаммед-Алиге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан  билдиришти.  

Маалым болгондой, ал ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго 8- августтагы окуяда  жардам берген деген шек менен анын  уулуна издөө жарыяланган. Ал эми буга чейин Асановдун жансакчысы- айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу 23-октябрга чейин камакка алынган.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Атамбаевдин тарапташтары менен атайын кызматтын аскерлери ортосунда кагылышуу болуп ок атылган. Натыйжада атайын кызматтын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин 13-августта “кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти” деген негиз менен кызматтан четтетилген. Ал эми Курсан Асанов өз кезегинде мамлекеттин, өзүнүн ар-намысы алдында таза экенин билдирген. Ошондой эле Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынган.

Булак: Мезгли ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *