Мезгил
Кувейттин курамасы Бишкекке хоккей чемпионатына келбейт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, оюндан баш тартуунун себеби – аталган өлкөдө коронавирус катталып, карантин жарыяланды. Андан улам, командага боло турчу беттештерде 0:5 эсеби менен техникалык утулуш жазылат.
Эске салсак, хоккей боюнча чемпионат Бишкекте 3-5-мартта өтөт. Медалдарга Кыргызстан, Малайзия жана Филиппиндин курамалары күрөшөт.
Мезгил ньюс