Кымыз муун, сөөк, нерв, гепатит, ичеги жарасы ооруларын алдына алып, гемоглабинди көбөйтөт

Мезгил

Кымыз бээнин сүтүнөн ачытып жасалат. Бээнин жаңы саалаган сүтү, саамал жана кымыз ден соолукту бекемдеп, дарычылык мол касиетке ээ.

Бээнин сүтү же кымыздын дарычылык касиети асманда Үркөр чыкканча июлдун орто ченине чейин улантылат.

Көрөңгөсүнүн көлөмүнө, ачыткан убактысына жараша кымыздын күчтүүлүгүн билсек болот. Көрөңгөсү көп жана көпкө турган кымызда спирттин деңгээли жогору болуп, ал эми жаңы сүт кошулган кымыз жеңил келет.

Саамал – жаңы ачый баштаган, же ачыган кымызга бээнин жаңы саалган сүтүн куюп, бышып жумшартылган кымыз.

Ууз кымыз – жаңы туулган бээнин уузунан ачытылган коюу кымыз. Бул алгачкы кымыз болгондуктан айылдын улуулары, аксакалдары ак тилегин айтып ичишкен.

Сары кымыз – жай ортосундагы чөп абдан бышып, мууну каткан кездеги кымыз.

Кысыр кымыз – тайы эмип жүргөн кысыр бээнин кымызы. Бул өтө жумшак жана даарылык касиети мол.

Кунан кымыз – 3 сутка бою ачытылган кымыз, бул саамал ичпеген адамдарга берилет.

Бештик кымыз – 5 сутка бою ачытылган кымыз.

Ачуу кымыз – бештик кымыздан да күчтүү кымыз.

Жоош кымыз – жай ачыган же саамал кошулган кымыз.

Бал кымыз – кымызга таттуу даам бериш үчүн бал, кант, өрүк, мейиз кошулуп бышырылат. Бал кымыз көбүнчө сыркоо адамдарга, 

жаш балдарга, төрөгөн аялдарга атайын даярдалган кымыз.

Уютку кымыз – көп уюткунун үстүнө күн сайын сүт куюп, бир нече күн жыйнаган кымыз.

Сиркеге жыйналган кымыз –  бир нече күн жыйналган кымыз.

 

Кымыз кайсы ооруларлага пайдалуу

Мите курт ооруларын алдын алат, ооруган адамдын кайра калыбына келүүсүнө жакшы таасир берет.

 

Саамал кымызды дары катары муун ооруларына ичсе өтө пайдалуу. Шал оорусун алдын алат жана жаңы төрөгөн келиндерге да абдан пайдалуу.

 

Ачыган кымыз чаңкаганды басып, кан-тамырда топтолгон зыяндуу токсин жана калдыктардан тазартат. Ичтин катуусун алдын алат.

 

Ачкалыктан кийин кымыз ичүү муун ооруларына өтө пайдалуу.

 

Адам денесинин күч-кубатын арттырып, бөйрөк менен боорду бекемдеп, кан тамырларын тазалайт.

 

Муун оорулары менен сөөктүн какшап оорушун, нерв ооруларын, баш айланууну, гепатит, уйкусуздук, ичеги жарасы сыяктуу оорулардын алдын алат.

 

Кымыз адамдын физикалык абалын жакшы кылып, табитти ачып, тамак-аштын сиңүүсүн жакшыртат.

 

Дарыгерлер кымызды безгек ооруларына жана жөтөлгө каршы ичүүгө сунушташат.

 

Кымыз менен дарыланганда кандын курамындагы гемоглобин эритроцит көбөйөт. Тамырдын согушу тездеп, кан айлануу ылдамдайт. Кан тамырдын жана жүрөктүн согушу жакшырат.

Сүттөгү эң баалуу зат –белок. Бээнин сүтүндө ал 1,8 – 2 пайыз болот. Кымызда болжол менен 1,3 – 2,0 пайыз май бар, бул уйдун сүтүнөн 2 эсе аз.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *