Кырчында Кызыл китепке киргизилген ак илбирстин териси менен боз үйдү кооздошкондор иликтенүүдө

Мезгил. 

Кырчын   этношаарында тигилген боз үйлөрдүн биринен ак илбирстин илинген териси табылды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы Мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, учурда жапайы жаныбардын териси кайдан, ким аркылуу алынып келингени иликтенүүдө. Аныкталгандан кийин айыптууларга тийиштүү чара көрүлөт. Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын терилери менен боз үйлөрдү кооздоого тыюу салынган.

 2017-жылы мергенчиликтин эрежесин бузган, браконьерлик кылган жана өсүмдүктөргө зыян келтирген 381 факты катталган. Анын чыгашасы 3 миллион 245 590 сомго бааланган.  Марал, аркар, аюуну атууга  1 миллион, кулжа-теке 100 миң сом, түркстандык сууга 50 миң сом айып пул чегерилген.  Айып пулдан да коркпой, коргоого алынган жаныбарларга мылтык сунгандар эки жылдан беш жылга чейин түзөтүү жумуштарына да чегерилиши мүмкүн. Кыргызстанда учурда  324 баш ак илбирс бардыгы айтылат.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *