Кырчында жоголгон беш жаштагы бала табылды

Мезгил. 

Кырчындагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна ата-энеси менен чогуу барган беш жаштагы бала адашып кеткен. Ата-энеси оюнга алаксып кетишип, жанында турган кичинекей баласын жоготуп алышкан. Алар дароо тартип сакчыларына кайрылышкан да, үн жаңыртуучу менен этношаарчанын аймагына баланын жоголгону тууралуу маалымат жарыяланган.

Ысык-Көл ИИБинен билдиришкендей, бала ата-энесинен болжол менен 350 чакырым алыстыктан табылган. Бала коркуп, ата-энесин издеп ыйлаган. Учурда ата-энесине жеткирилип, баары ордуна келди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *