Кыргыз-түрк биргелешкен ооруканада 72 жатак орун болот

Мезгил

Макулдашуунун алкагында Бишкек шаарында ачыла турган кыргыз-түрк ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде белгилүү болду.

Маалым болгондой, 3 жыл биргелешип башкаргандан   кийин аны башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жыл аралыгында Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жана координациялоо жумуштары жасалып турат. Медициналык мекемеде жарандарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун болот.

 Андан тышкары, Түркия эки тараптуу келишимде камтылган чараларды ишке ашыруу максатында, кошумча 15 млн доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлө турганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, кыргыз-түрк ооруканасында иштеген түрк адистери менен кыргыз дарыгерлеринин эмгек акысы жогору болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *