Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиевага арналган акысыз концерт коюлат

Мезгил. 

Эртең, 26-сентябрда Улуттук филарманиянын чоң залында СССРдин эмгек сиңирген артисти,  Кыргыз Эл артисти жана Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиеванын жаркын элесине арналган концерт өткөрүлөт. Иш чара саат 18:30 башталат.

Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Анда айтылгандай, концертке кирүү акысыз.

Сабира Күмүшалиева (19172007)- кыргыз жана советтик театр жана кино артискасы. Кыргыз театр искусстосун профессионалдуу деңгээлге жеткирген инсандардын бири болуп саналат.

Кыргыз маданиятына ат көтөргүс кызмат өтөгөн Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева 90 жаштык өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган. Кыргыз театрынын Умай энеси атыккан актриса атайын актерлук билим албаса да табигый жөндөмү, тубаса таланты менен кичинекей эпизоддук образдарды жаркыратып ачып бергендиктен “кичинекей ролдордун чоң актрисасы” деген ары жөнөкөй, ары таамай баага татыган.

Сабира апа эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгондугун замандаштары көп кеп кылышат. Ал кичинекей эле эпизоддон чоң роль жаратып койчу экен. Муну айтылуу режиссер Болот Шамшиевдин «Ак кеме» тасмасындагы Керез аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен улам билсек болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.
Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрга кабыл алынып, алгачкы жолу Касымаалы Жантөшевдин«Карачач» пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон.
1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева «СССРдин эмгек сиңирген артисти» андан кийин «Кыргыз Эл артисти» наамын алган.
Ал «Даңк» медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык жана Казак Республикасынын «Алтын Көпүрө», Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомол сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында «Кыргыз Эл Баатыры» наамынын ээси болгон.
Ал ар бир алган сыйлыгына татыктуу болгон. Анткени анын таланты баалангыс эле…

(Сабира Күмүшалиева тууралуу маалымат википедиядан алынды)

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *