“Кыргыз элин уят кылбагыла” – Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Мезгил. 

Тушүндүрүү иштерине Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаевди да катышууга чакырышууда.

Москва шаарында кыргызстандык мигранттар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Замандаш” партиясынын лидери Жеңишбек Молдокматов билдирди.

Айтымында, Москвадагы кыргыз диаспорасы элчи Болот Отунбаевге кайрылуу кат жолдошту.

“Кыргызстандыктардын жол кырсыктары жана башка кейиштүү окуяларга себепкер болушу бардык мигранттардын жана кыргыз элинин абройуна доо кетирет. Ошондуктан, Москвада жашап жаткан кыргыз жарандарынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайсы жерде жашашса ошол жердин мыйзамдарын сыйлоого үндөйбүз”, – деди партия лидери.

Бул иш чараны аксакалдар кеңеши менен координациялык кеңеш демилегелеген.
Активисттер Болот Отунбаевге чогуу иш алып барууну сунушташкан. Шаардагы кыргыз мигранттары көп барчу бардык кафе, спортзал, билим берүү мекемелерин, курулуш обьектилерин кыдырып, маектешүү болоору айтылган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *