Кыргыз-казак чек арасы. Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Мезгил

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда абалдын курчушунан улам Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу. Өткөрүү бекеттери менен чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү.

Эске салсак, Токмокко жакын жайгашкан Сортөбе жана Манасчи айылдарында чыр чыгып, массалык мушташ болгону айтылган. Маалыматта окуя болгон жерлерге полиция тартылып, абал жөнгө салынганы белгиленген болчу.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *