Мезгил
Кыргыз-казак чек арасында кайрадан кыйынчылыктар жаралды.
Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, эртең мененки саат 9га карата “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө 90го чукул жүк ташуучу унаалар узун кезекте турат.
Мындай жагдай Казакстан товарларды кылдат текшере баштаганы менен түшүндүрүлөт.
Ал эми башка чек ара бекеттеринде унаалар тыгын жок.
Эске салсак, коңшу өлкө кылдат текшерүүнү кечээтен бери баштады.
Буга так түшүндүрмө берилген эмес.