Мезгил
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү бекетинде кырдаал кайрадан татаалдашууда.
Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, азыркы тапта кезегин 100дөй фура күтүүдө.
Коңшу мамлекет жүктү кылдат текшерүүсүн контрабандага каршы күрөш менен түшүндүрүүдө. Мындай абал “Ак-Тилек” бекетинде гана катталып жатат.
Андыктан, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына чек араны башка өткөрүү түйүндөр аркылуу өтүү сунушталат. Эске салсак, “Ак-Тилек” чек ара бекетинде кырдаал 20-мартта кыйындап, 25-мартта карата кайра кадимки режимде иштеп баштаган.