Мезгил
Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.
“Ак-Тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө казак тараптын инспекциялык-кароо комплекси иштебай калды.
Буга байланыштуу, унааларды өткөрүү процедурасы жай жүрүүдө. Учурда түйүндө 100дөн ашык унаа топтолуп турат. Ал эми кыргыз тараптан чек ара түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат.