Мезгил
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү бекети кадимки режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, күнүнө 30дай фура өтүп жатат. Бул кадимки күндөрдөгүдөй көрүнүш.
Эске салсак, 20-марттан тарта “Ак-Тилек” чек ара бекетинде кырдаал кыйындаган. Коңшу мамлекет жүктү кылдат текшерүүсүн контрабандага каршы күрөш менен түшүндүрүп, түйүндө 60тан ашык жүк ташуучу унаалар кезекте турууга аргасыз болушкан. Мындай режим 3-4 күнгө созулду. Учурда кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү түйүндөр кадимки режимде иштөөдө.