Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

      Мезгил

 Тажикстандын  Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган участокторунун сызыгын чийүүнү тездетүү үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын  Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Мамлекеттик чек аранын сызыгын жумушчу түрдө чийишип, кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым Мамлекеттик чек ара участокторун биргелешип талаада текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушуу Тажикстан Республикасынын аймагында пландаштырылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *