Кыргыз-тажик чек арасы: Эки өлкөнүн президенти телефон аркылуу сүйлөштү

Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эки өлкөнүн президенттери телефон аркылу сүйлөштү. Бүгүн, 14-мартта, Президент  Сооронбай Жээнбеков  менен  Тажикстандын  президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

 Өлкө башчылары кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *