Мезгил
Кыргыз-тажик чек арасында кызматтын күчөтүлгөн режими бүгүн кечинде алынышы ыктымал.
Бул тууралуу биздин өлкөнүн Чек ара кызматы билдирди.
Андан белгилеп кетишкендей, чек арада абал туруктуу бойдон калууда, жашоочулар тосуп салган Баткен – Лейлек жана Исфара – Ворух жолдору кечээ ачылды.
Чек арада адамдардын топтолуусу өткөн эс алуу күндөрдөн бери байкала элек.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында кызматтын күчөтүлгөн режими 13-мартта киргизилген.
Анын себеби, Ак-Сай жана Мехнатабад чек арага жакын айылдардын кыргызстандык жолдун курулушунан улам чатагы болгон.