Кыргыз-тажик чек арасына кызматтын күчөтүлгөн режими майрамдан кийин алынат

Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасына кызматтын күчөтүлгөн режими майрамдан кийин биротоло алынат.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

 Маалым болгондой, чек арада абал турукташкан. Бирок эртеңки Нооруз майрамына байланыштуу чек арачылар салттуу түрдө кызматтын күчөтүлгөн режимине өтүүдө.

Андан улам өзгөчө тартип майрамдан соң алынат.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында күчөтүлгөн режим 13-мартта киргизилген.

Анын себеби, Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна байланыштуу жаңжал болду.

3 кыргызстандык ок жараатын алып, бирөөнүн баш мээси чайкалган.

Тажик тараптан да жабыркагандар бар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *