Мезгил
Кыргыз-тажик чек арасына жабылган жолдор ачыла элек.
Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар 13-мартта тосуп алган Баткен – Лейлек жолун ачууга макул болбойт жатат.
Ушундай эле кырдаал тажикстандыктар жаап салган Исфара-Ворух жолунда байкалууда.
Эс алуу күндөрү адамдардын топтолушу жана чатактар катталган жок.
Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартибинде иш алып баруусун улантууда.
Эске салсак, 13-мартта Ак- Сай – Тамдык жолунун курулушуна каршы чыккан тажикстандыктар менен баткендиктер ортосунда чатак чыккан.