Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, биздин өлкөнүн 1 аскер кызматкери октон жабыркады

Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан курчуду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан  билдиришти. 

Маалыматка ылайык, дагы бир аскер кызматкери жабыркады.  Бүгүн чек арага жакын жерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында тажик тараптан кыргызстандыктар көздөй эки ирет ок атылган. Натыйжада биздин өлкөнүн 1 аскер кызматкери жабыркады.

Муну менен алардын саны 17ге жетти. Бүгүн эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын башчылары жолугушуусу күтүлүүдө.

Исфара- Ворух жана Исфана – Баткен жолдору буулган бойдон калууда. Ал эми чек ара күчөтүлгөн режимде кайтарылып жатат.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында куралдуу чатак чыккан. Ворух айылынын жашоочулары кыштактын кире беришине желекче орнотууга аракет кылышкан. Буга Аксай айылынын тургундары каршы чыгып, кайым айтышуу мылтыктан ок чыгаруу менен коштолгон.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *