Мезгил
Кыргыз-тажик чек арасында абал турукташып калды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агрессивдүү маанайдагы адамдардын топтолушу жок.
Окуя болгон аймакта жергиликтүү бийлик органдары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Тажикстан жана Кыргызстандын вице-премьерлери жашоочулар эки тараптан бууп салышкан Ош – Исфана жана Исфара – Ворух жолдорун ачуу боюнча жолугушууларды өткөрүп жатат.
Эске салсак, тажикстандыктар Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна каршы чыгып, 13-мартта эки тарап ортосунда жаңжал чыккан.