Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

   Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу  мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, кечээ кечинде Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын, ошондой эле, ички иштер министрлигинин башчылары жолугушуу өткөрдү.

Натыйжада ар бир тарап өз аймагында коопсуздукту камсыздоого, ал эми чатак чыккан жерде биргелешкен кайтаруу жүргүзүүгө макулдашты.

Исфара – Ворух жана Исфана – Баткен жолдору жабык.

Эске салсак, 22-июлда тажикстандыктар Ворух айылынын кире беришине желек орнотуп, буга Аксай кыштагынын жашоочулары каршы чыккан.

Мылтыктан ок атылып, бүгүнкү күндө 17 мекендеш жабыркады. Коңшу тараптан дагы жараат алгандар бар.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *