Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Мезгил

 Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

  Маалым болгондой, Баткен облусундагы Ак-Сай айылындагы тилкеде адамдардын топтолуусу кечээтен бери байкала элек.

 Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүн улантууда.

Мындан тышкары, укук коргоо органдары жана Чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

 Эске салсак, 13-мартта тажикстандыктар Ак-Сай- Тамдык жолунун курулушуна каршы чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *