Мезгил
Кыргыз-тажик чек арасында ок жараатын алган мекендештин абалы оор.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, 30 жаштагы тургун Баткен облусунун Бириккен ооруканасынын реанимациясында жатат.Ал көкүрөгүнө ок жараатын алган.
Бейтап эсинде, абалы оор, бирок туруктуу.
Дары-дармектер менен көйгөй жок.
Эске салсак, кечээ Ак-Сай — Тамдык айланма жолду куруп баштаганда, Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары буга каршы чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган.
Кыргызстандын Чек ара кызматы эскертүү иретинде абага ок атууга мажбур болгонун билдирген.