Мезгил
Кыргыз-тажик чек арасында тосулган жолдор ачылды.
Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, кечээ кечинде Кыргызстан аймагындагы “Дача” жеринде Баткен жана Согдий облустарынын башчылары чек арадагы айылдардын аксакалдарынын коштоосунда калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Натыйжада 13-мартта жашоочулар жаап салган Баткен – Лейлек жана Исфара – Ворух жолдору ачылды.
Учурда кыймыл кадимки режимде ишке ашууда, чек арада абал туруктуу.