Мезгил
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган оор абалдагы баткендик тургун реанимациядан чыгарылды.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жаңжалдын биринчи күндөрүндө көкүрөгүнө ок жараатын алган мекендеш травматология бөлүмүнө которулду.
Андан тышкары, ушул эле бөлүмдө дагы 3 жашоочу дарылануусун улантууда.
Бардык жабыркагандардын абалы туруктуу.
Эске салсак, 13-мартта Ак- Сай – Тамдык жолунун курулушуна каршы чыккан тажикстандыктар менен баткендиктер ортосунда чатак болгон.
Эки тараптан жабыркагандар бар.