Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Мезгил

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү уланууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге  вице-премьер-министр  Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим келишкен.

Мурдараак Жеңиш Разаков жергиликтүү калк, анын ичинде аксакалдар жана жаштар өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда чек арада кырдаалды мындан аркы эскалация кылууга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *