Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдын өзгөрүүсүз калышы кандай көйгөйлөрдү жаратат?

   Мезгил

Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт дейт. Өлкөнүн түштүгүндөгү абал көңүл чордонун ээлеп келет. Баткендеги чек арадагы абалдын өзгөрүүсүз бойдон калышы мындан ары кандай көйгөйлөрдү жартышы мүмкүн?

1) Баткен-Исфана жолунун жабылышы Лейлек районунун жашоочуларынын жана Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын өлкөнүн башка аймактары менен болгон байланышына кедергисин тийгизет.

2) Баткен облусу аркылуу Тажикстанга жана алардан бизге жана биз аркылуу өтө турган товарларды жеткирүү жагы бүлгүнгө учурайт. Анын ичинде аткезчилик жүк ташуулар да.

3) Жаңжал чыккан аймакта калктын чарбалык жумуштары зыянга учурайт.

4) Тажикстандан ташылып келип жаткан жүзүм сыяктуу мөмө-жемиштер Бишкек шаарында кымбаттап кетиши күтүлөт.

5) Баткен, Лейлек райондорунда эки элдин ортосундагы соода-сатык мамилелери токтойт. Кыргыз тарап өрүк кагын, мал жандыктарын сата албай кыйналышат. Ал эми жакында сентябрь, окуу кийим деген камылга күтүп турат.

6) Эл, айрыкча аялдар, жаш балдар арасында психикалык жактан чүнчүп, депрессияга баткандар көбөйөт. Калктын ден соолугуна зыян келтирилет.

7) Эгерде бийлик жакын арада маселени чече албаса элдин ага болгон ишеними биротоло түгөнөт.

 Бул айтылгандар чоң маселенин чоң көйгөйүнүн бир эле көрүнүшү болду десек туура болор.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *