Кыргыз ТИМинин абамайдандагы маселе боюнча нотасына Астана жооп кайтарды. Бирок, мазмуну белгисиз

Мезгил. 

Алматынын аэропортунда кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөндөн улам   Кыргызстандын ТИМи Казакстанга  нота жиберген. Анын негизинде коңшу мамлекеттин  Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматынын жооптуу жетекчилери атайын кеңешме өткөрүштү.

Мындай маалыматты Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда Казакстандын Бишкектеги элчиси Карим Кокрекбаев билдиргенин аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, казак элчиси   кыргыз тарапка расмий Астананын жооп нотасын тапшырган, бирок анын мазмуну жарыяланган жок.

4-сентябрда  Казакстандын Бишкектеги элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Анда, Алматынын эл аралык абамайданында  Казакстандын компетенттүү органдарынын кыргызстандыктарды системалуу түрдө ашыкча текшерип жатканы айтылган.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *