“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын түзүүгө 50 миллион сом керектелет

Мезгил

“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын түзүүгө 50 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой,  каражат ишкананы түзүүгө, уставдык капиталын бекитүүгө керектелет.

Андан кийин анын балансына бир нече пансионаттар өткөрүлүп, ал өзүн өзү каржылоо системасына өткөрүлөт. “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын түзүү демилгесин   премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөргөн.

Жаңы түзүлгөн органдын функциялары Туризм департаменти аткарган иштерден эмнеси менен айырмаланат, такталбайт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *