Кыргыз-өзбек чек арасындагы жабык бекеттер кайрадан ачылабы?

Мезгил

Кыргыз-өзбек коңшу мамлекеттердин чектешкен аймактарында соода-экономикалык карым-катыш жана товар ташуу күчөгөнүнөн улам кошумча жол керектелүүдө. Мындан улам, Кыргызстандын мамалекеттик бажы кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттерди кайра жандантууну сунуштады.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда товарларды өткөрүүнү ыкчамдатуу үчүн бажы процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу кайра каралууда.

Ал эми учурда , кыргыз-өзбек чек арасындагы расмий 15 өткөрмө бекеттин сегизи иштеп жатат. Калган өткөрмө бекеттер Өзбекстандын бир тараптуу чечими менен иштебей калган. Аларды кайра жандантууну эки өлкөнүн өкмөттөрү чечиши керек. Эгер эки тарап келишсе алар кайра иштей баштаарын билдирди чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек ара бекеттери 2005-жылкы Кыргызстандагы саясий кырдаалдан улам жабылып калган. Ал эми 2016-жылы расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери жакындап, бекеттер кайра ачыла баштаган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *