Кыргыз жана түрк ханайымдары – ФОТО

Мезгил.

Кыргызстандын жана Түркиянын президенттеринин жубайлары 2-сентябрда Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борборунун ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, Түркия  Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга   расмий сапар менен келди.

Анын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдоган  аталган  китепканадагы  Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борборунун ачылышына катышты.

Кыргыз ханайымы Айгүл Токоева: “Бул борбор  эки элдин биримдигин бекемдөөгө, ынтымагын чыӊдоого данакер болооруна ишенем. Маданият очогунун түптөлүшүнө өз салымын кошкон «Тика» Түрк кызматташтык агенттигине ыраазычылык билдиребиз”, – деди.

Андан бир күн мурда, 1-сентябрда  эки мамлекет башчыларынын жубайлары Бишкек кыргыз-түрк достугу ооруканасында болушкан. Алар заманбап техника менен жабдылган бөлмөлөр, лабораториялар жана реанимациялык блоктор менен таанышты.

Оорукананын курулушу жана ишке берилиши Кыргызстан менен Түркиянын  ортосундагы макулдашууга ылайык жүргүзүлүүдө. Келечекте аталган клиникада жогорку технологияны колдонуу менен түрдүү операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү болот.

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *