Кыргыз жарандары үчүн Америка эмгек визасынын баасын төмөндөтөт

Мезгил

Америкага окууга же эмгектенүүгө барчу жарандарга жакшы шарттар түзүлүүдө. Америка Кошмо Штаттары кыргыз жарандарына окуу жана эмгек визаларынын баасын төмөндөтүүгө макул болду. Мындай шарттар ушул жылдын 7-августунан баштап күчүнө кирет.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеник кыргыз-америкалык эки тараптуу консультациялардын алкагында 2015-жылдан бери биринчи жолу ийгиликтүү жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну ар тараптуу тереңдетүүгө макулдашышты.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *