Кыргыз жарандарынын Тажикстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү узартылды

Мезгил. 

Кыргызстандын жарандары Тажикстанда каттоосуз 60 күн жүрө алышат. Ошондой эле кыргызстандыктар аталган мамлекетке ID-карта менен эле барышса болот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн маалыматынан улам белгилүү болду.

 Депутаттар Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттөр аралык келишимди ратификациялоону талкууга алышууда. Келишимге  ушул жылдын 1-февралында коңшу мамлекеттин борбор калаасы Душанбеде кол коюлган.

Ушул сыяктуу келишим жакын арада Өзбекстан менен да ишке ашаарын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев белгиледи.

Булак: Мезгил Ньюс    

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *