Мезгил.
Түркиянын “Ататүрк” абамайданында кыргыз жараны өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган.
Түрк басылмаларында жарыяланган маалыматтарга караганда, Кыргызстандын жараны болуп саналган киши экинчи кабаттан боюн таштаган. Аны мындай кадамдан баш тарттырууга жанындагы башка жүргүнчүлөр аракет кылышкан, бирок жаран аларды уккан эмес.
Жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Полиция кызматкерлери жарандын эмне себептен мындай кылганын иликтөөгө алышууда.
Ал эми КР ТИМ азырынча бул окуя боюнча маалымат бере элек.
Булак: Мезгил Ньюс