Кыргыз жаранын сабап салды” делген кытайлык ишкер суракка алынды

Мезгил

Кыргыз жаранын сабап салды” делген кытайлык ишкер суракка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта 27-июль күнү Сокулук РИИБине ушул эле районундо кафель чыгарган заводдо иштеген эки кыргыз жараны кытайлык ишкер аларды себепсиз уруп койгонун билдирип арыз жазышкандыгы, учурда экспертиза дайындалып, тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгы айтылат.

Жазылган арыздын негизинде ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тийиштүү материалдарды чогултуп келип, тергөө иштери башталган. Андан сырткары арыз ээлери менен ишкер суракка алынган.

Ушул жылдын 27-июль күнү  3-4 Кытай жараны менен мас абалда келип Султан Мукашев аттуу жумушчуну себепсиз сабап, телефонун талкалап салгандыгына байланыштуу  Сокулук районундагы кафель чыгарган заводдун алдына 100дөй жаран митингге чыгып, кытайлык ишкерден кылган аракети үчүн кечирим суроосун талап кылышкан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *