Кыргыздар иш таппай тентип жүрөт…ТЭЦте 200 кытай иштейт…

Мезгил

 Бишкек ТЭЦиндеги абал бир топ «былыктын» башын ачты. Буга чейин, башкалар гранттын эсебинен жылуулук тармактарын калыбына келтирип жатса, биз Кытайдан кредит алып, кытайлык компанияга оӊдотуп жатканыбыз белгилүү болбоду беле?

Көрсө, кыргыздар иш таппай тентип жүрсө, Бишкек ТЭЦинде 200 кытай жараны иштеп, ал турмак 1500 кишиге ылайыктап курулган атайын шаарчада турат экен.

Бул тууралуу ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу жогорку кеңештин жыйынында “ТЭЦтеги кытай жарандары имаратты модернизациялоо үчүн атайын 1500 кишиге ылайыктап курулган шаарчада турушат. Бул иштер УКМК менен биргеликте жүрөт. Ал эми алардын жарыкка, сууга кеткен чыгымдарын ТЭЦ төлөп берет”, — деген эле. Мындай чуулгандуу ишти билип туруп унчукпаган  УКМК мындай билдирүүдөн кийин кандайдыр бир чара көрдүбү же, дагы эле кытай жарандарын канатына калкалап жүрөбү?

Кыргыз бийлигинин мындай «урматтуу» коноктору болгондо дагы келишимдин негизинде иштеп, канча айлык аларын керек болсо ТЭЦтин жетекчилери дагы билбейт экен. Ал эми депутат Руслан Казакбаев ТЭЦте иштеп жаткан 20 кытай тургунунун айлыгы 8300 доллар экенин айтып, эки жыл ичинде бул сумма 3 миллион долларга жетерин айтса, ТЭЦтин өкүлү бул суммага бир гана айлык-акы кирбестен, жабдуулардын да баасы кошулганын айтып актанды эле.

Өз жарандарыбыз өзгө жерде өмүрлөрүн бычак мизине коюп иш издеп жүргөндө ТЭЦ курабыз деген шылтоо менен кытай жарандарына атайын шаарча куруп берген мурдагы бийлик башындагылар жок. Бирок кытайлар калды да. Бул боюнча тийешелүү органдар эмне дейт?

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *