Кыргыздар Түркияда өткөн этномаданий фестивалга катышты

Мезгил

Түркияда өтүп жаткан Түрк элдеринин оюндарына Кыргызстандыктар да катышты.

Маалыматка караганда, этномаданий фестиваль Бурса шаарында 19-июль күнү башталып, бүгүн аяктады.

Аталган иш чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия жана Татарстандан  делегациялар чакырылган. Мелдешке Түркиянын Ван провинциясын байырлаган этникалык кыргыздардын да келгени айтылат.
Фестивалдын программасына кыз куумай, ат чабыш, көк бөрү сыяктуу көчмөндөрдүн ат оюндары кирген. Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары уюштурулуп, кийизден жасалган буюмдардын көргөзмөсү өткөн.

Haberler басылмасынын берген маалыматына ылайык, фестиваль беш күнгө созулган. Ал эми, Кыргызстандан аталган иш-чарага 30га жакын киши катышкан, алардын арасында белгилүү жаачы Асланайым Аширова жана башка бир катар спортчулар келген. Кыргызстандык делегациянын курамында Нарындын “Шайыр апалары” да болгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *