Мезгил
Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында – 9 бейтап;
Нарын облусунда – 11 бейтап;
Жалал-Абал облусунда – 2 бейтап;
Ош облусунда – 1 бейтап.
Республика боюнча жалпы 427 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.