Мезгил
Суунун аз келүү мезгили болгондуктан, Кыргызстан бул жылы электр энергияны коңшу мамлекеттерге экспорттобойт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди.
Анын айтымында быйыл республика өзү электр энергиясын башка өлкөлөрдөн сатып алууга аргасыз. Импорт кайсы мамлекеттерден келе турганы азырынча белгисиз. Учурга карата бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин улуттук электр станциялар ишканасы СASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстандан электр энергияны экспорттоо ушул жылы баштай тургандыгын айткан.
Маалымат үчүн: CASA-1000 долбооруна 4 мамлекет кирет: Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистан. Долбоор ишке ашкандан кийин Кыргызстан менен Тажикстан Афганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттой баштайт. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд доллардан ашат. Анын ичинен Кыргызстанга 233 млн доллар, Тажикстанга 314 млн доллар, Афганстанга 354 млн доллар, Пакистанга 209 млн доллар туура келет.
Мезгил ньюс