Кыргызстан эми Индия кинолорунда

Мезгил

Кыргызстандагы  Алай жана Кара-Кулжа тоолорунда Индия кинолору тартылат. Мындай оюн Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димри мырза Ош облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен жолугушуу учурунда билдирген.

Жолугушууда Индия элчиси «Индия мелодраммаларынын көбү Улуу Британия жана Шотландия өлкөлөрүнөн тартылат. Ал жакта кино тартуу өтө кымбат. Ал өлкөлөрүндө бар тоолор, кооз табийгат, көлдөр жылдын 4 мезгилинин керемети Кыргызстанда да бар.Эгерде тасмалар Кыргызстандан тартылса, туризмди жайылтууга да кенен жарнама болмок», — деди элчи. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда Индиянын бир нече клиптери  тартылган. Алсак, 2017-жылы Болливудтун жылдызы эстрада ырчысы Рахат Фатих Алихан Ысык-Көлдүн жээгинде клип тартырган болчу.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *