Мезгил
Кыргызстан калкын каттоого республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, каражаттын басымдуу бөлүгү каттоо жүргүзүү үчүн тартылган кызматкерлердин айлыгына жумшалат.
Андан тышкары, уюлдук операторлордун бири менен келишим түзүлүп, ар бир каттоочуга атайын сим-карталар сатылып алынды.
Эске салсак, калкты жана турак-жай фондун каттоо 23-мартта башталып, 1-апрелге чейин созулат.
Мезгил ньюс