Кыргызстан Кытайдан көп карыз алган өлкөлөрдүн катарында

     Мезгил

Кыргызстан менен Тажикстан сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өкмөттөрү Кытайга мурда божомолдогондон да көп карыз. Бул тууралуу “Eurasianet” порталы Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросу (NBER) жарыялаган “Кытайдын чет өлкөлөргө насыя берүүсү” деген докладына таянып билдирүү тартатты.

Кытайдын көмүскө каржылоолору

Кытайдын бардык насыяларынын тең жарымы коомчулуктан жашырылган, анткени КЭРде эсептин ачык эмес система орун алган. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 2016-жылдан бери, 10 жылдын аралыгында Кытайдын көмүскө каржылоосу 200 млрд доллардан ашып кеткен. Ал эми айрым карыз алган өлкөлөр Кытайдан канча карыз, карыздарды кандай шартта алганы жөнүндө өздөрү да толук биле беришпейт деп белгилешкен изилдөөчүлөр.

Кытайдан көп карыз алган өлкөлөр

Изилдөөчүлөр Кытайдан эң көп карыз алган өлкөлөрдүн тизмесин келтирген. Анда биздин өлкө 5-орунду ээлеген. Карызыбыз ички дүң продукциябыздын 30%ын түзөт. Кыргызстандан кийинки орун, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстанга тиешелүү. Алардын Кытайга болгон карызы ИДПсынын – 20%ына барабар. Түркмөнстандын Кытайга болгон карызы ИДПсынын – 23%ын түзөт. Ал эми Өзбекстандын Кытайга болгон карызы ИДПсынын – 40%ын түзөт.

Карызды кантип жабышат?

Изилдөөлөрдүн авторлорунун пикиринде өз карызынын тактыгын билбеген өлкөлөргө карызын жабууну пландоо өтө кыйын болот. Муну бир топ себептери бар. Кытай көбүнесе 2000-2017-жылдардагы насыялардын жарымын коммерциялык ставкалар менен берген. Кытай насыяларынын 85%ы доллар менен берилген. Улутук валютасы алсыраган өлкөлөргө дайыма өсүп туруучу доллардык насыяларды жабуу оорго турат. Мисалы, тажик сомонисинин куну 76 пайызга, ал эми кыргыз сому 32 пайызга төмөндөп кеткендигин белгилешкен иликтөөчүлөр.

Биздин өкмөт не дээр экен?

Бул билдирүүлөр ЖМК аркылуу тарап жатат. Кыргыз өкмөтү буга не деп жооп берер экен. Өткөндө ун 2 эсе кымбаттады дешсе, оозу мурду кыйшайба туруп, бул калп, ун биртике эле кымбаттаган, бул боло бере турган көрүнүш деп, элге жек көрүндү. Эми Кытайдан баары эле карыз ала берет, биз да алганбыз деп оозду ачырбаса болгону. Башкадан карыз алсаң да кошунаңдан карыз алган кооптуу дегенди биздин атка минерлер билет бекен?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *