Кыргызстан Кытайды эшектин эти менен камсыз кылууда

Мезгил. 

Оштогу Мады айылында эшек фермасы ачылып, кытайлык жарандар иштетишет. Жергиликтүү элге бул ыңгайсыздык гана туудурбастан, ден соолукка тийчү зыянынан кооптонуу да жаратты.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров аталган айылдагы эшек фермасы тууралуу маалымат берди.

Депутаттын айтымында, кытайлардын фермасында   үч миңдей эшек багылат. Аларды бул жактан союп, этин Кытайга жиберишет. Ал эми калган тери, баш-шыйрактары кайсы жерге союлса ошол жерде ачык бойдон калып кетет.

“Жергиликтүу бийликке бул боюнча 4-июлда кат жолдогом. Ош облусунун губернатору катты алды, бирок жообун ушул кезге чейин берген жок. Ал турмак айтылган жердеги маселени бир барып өз көзү менен көрүүгө да аракет кылбаптыр. Мыйзам боюнча депутаттын катына мамкызматкерлер бир айдын ичинде жооп бериши керек. Андан бери эки ай өттү, губернаторго тийиштүү чара көрүлсүн”, – деди депутат.

Ал эшектин тарпына чымын үйүлүп, айылды чымын каптаганын билдирди.

“Өлүктөрүн ачык таштап коюшат экен, анын жытынан чымын толуп кетиптир. Видеосун маалымат каражаттарына да чыгарткам. Ошол айылдагы мугалимдер, бала бакчанын кызматкерлери, дарыгерлер кайрылуу жолдоп, ферманы жабуу талабын коюшкан. Бирок, элдин талабына жергиликтүү бийлик кайдыгер. Чымын каптагандыктан эпидемия башталуу коркунучу да бар. Айыл элинин малы ошол тегеректе оттошот экен. Айылдыктар сүт, этти Ош шаарына барып сатышат. Демек, тезинен бул маселени чечпесек, кайры бир оорунун эпидемиясы башталса, кесепети жаман”, – деп белгиледи Шайназаров.

Ошондой эле Тынчтыкбек Шайназаров Ош облустук прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин өлүмүн Башкы прокуратура тыкыр иликтөөгө алуусу керектигин кошумчалады.

“Өзүн өзү асып алды деп жатышат.Президенттин өкүлү Башкы прокурутарага талап кылып, тыкыр иликтөө жүргүзүү зарылдыгын билдириңиз. Бул өлүмдүн чыныгы себеби такталышы керек. Бул жаатта суроо да, пикир да көп болууда”, – деди эл өкүлү.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *