Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

   Мезгил

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.  

 Маалым болгондой, жети тоннага жакын жүк «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекетине чейин жеткирилди. Гуманитардык жардам катары даярдалган жүктүн ичинде дезинфекциялоочу каражат, бир жолу колдонмо халат жана бет каптар бар.

Буга чейин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова коңшулар жардам сурап көптөгөн мамлекеттерге кайрылуу жибергенин айткан. Мындай өтүнүч кат Кыргызстанга да келген.

Кытайда вирусту жуктургандардын саны 70 миңден ашты. Кытайдан тышкары 27 өлкөдө 523 адам ооруйт: Япония, Таиланд, Сингапур, Гонконг, Корея, Тайван, Австралия, Германия, АКШ жана Малайзия.

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *