Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери видеокайрылуу туурасында сүйлөшүштү

Мезгил

Коомчулук кызуу талкууга алган өзбек спортчусунун видео кайрылуусу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Абдулазиз Камилов телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүдө бул маселенин калыс иликтенишин жеке көзөмөлдөрүнө алууну макулдашышты.

Белгилей кетсек, 18-августта Ош облусунда кулатуу боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Өзбекстандан 27 жаштагы Нурсултан Розибоев да катышкан. Турнирдин жыйынтыгына нааразы болгон мушкер Instagram баракчасы аркылуу кыргызстандыктар тууралуу видеокайрылуу жасаган. Анда улуттук ар намыска шек келтирген сөздөр айтылган.

Бул боюнча Ош облустун милициясы “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу” туурасында сотко чейинки иликтөө ишин баштаган. Териштирүүгө чырдуу кайрылууга себеп болгон турнирдин уюштуруучулары да чакырылган. Ал эми өзбек спортчусу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиктен иш Минск конвенциясынын алкагында жүргүзүлмөкчү.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *