Мезгил
Кыргызстан самбо боюнча Дүйнө кубогунда быйыл 4 эсе көп медаль багындырды.
Турнир Москвада 33 мамлекеттен 250 спортчунун катышуусунда жыйынтыкталды.
Биздин команданын спортчулары капчыкты 1 күмүш жана 7 коло байге менен толтурду.
Экинчи орунга Руслан уулу Жанат “аскердик самбо” боюнча ээ болду.
Белгилеп кетсек, былтыр Кыргызстан Дүйнө кубогунда болгону эки медаль менен кайткан.