Кыргызстан таза сууга бай. Бирок, өкмөт таза суу акысын кымбаттатууну каалайт

Мезгил

Өкмөт таза суу акысын кымбаттатууну каалайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешесинде билдирди.

Кеңешмеде Мухаммедкалый Абылгазиев суу менен камсыздоо кызматынын баасын кайра кароо зарылдыгын карап чыгууну тапшырды.

-Суунун бир куб метри, бул миң литр, Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5,38 сом, ошол эле учурда өздүк наркы – 7,70 сом. Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет,-деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкө калкы ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнүн маанисин билиши керек.

-Биздин республика таза сууга бай. Өлкөбүздө суу менен камсыздоонун баасы эң төмөн. Суу – бул баа жеткис байлык, аны ар бирибиз сакташыбыз керек, – деди Өкмөт башчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында жалпысынан суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө 94 млн АКШ доллары каралган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *