Мезгил
Кыргызстан Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстан Өзбекстанга жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майын жөнөттү.
Тийиштүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Эске салсак, 1-майда Өзбекстанда Сырдарыя облусундагы суу сактагычта дамба жарылып, бир нече айылды суу каптаган. Болжол менен 70 миңдей адам куткарылып, бир нече социалдык объектилер суу алдында калды. Алгачкы куткаруу иштеринин жүрүшүндө Өзбекстандын Улуттук Гвардиясындагы 2 аскер кызматкерин сел агызып кеткени маалымдалган.