Мезгил
Кыргызстанда 157 бала бакча жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
Кудайбердиеванын айтымында, 85 бала бакчанын имаратында мамлекеттик жана административдик органдар жайгаштырылган. Эгер алар ведомство балансына кайтарылса, бала бакчалардагы кезек 50 миң бөбөккө кыскармак.
Булак: Мезгил Ньюс